Линктер

шаршемби, 22-август, 2018 Бишкек убактысы 06:37

Арапбаев: Мөңгү маселесин бейөкмөт уюмдар саясатташтырып жиберишти


Депутат Азамат Арапбаев.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Азамат Арапбаев "Суу кодексине" өзгөртүү киргизиш керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Бүгүн аталган маселе боюнча депутаттардын алдына вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев баштаган өкмөт мүчөлөрү келип маалымат берип жатышат.

Азамат Арапбаев маселе саясатташып кеткенин айтып, бул үчүн бейөкмөт уюмдарды айыптады:

- Бул мыйзам долбоору бир топ жылдан бери талкууланууда. Буга чейинки чакырылышта талкуулап жатканда Илимдер академиясынын окумуштуулары эсептеп, ошол эки мөңгү Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн болгону 0,01% түзөөрүн айтышкан. Бул маселени аябай саясатташтырып жибердик, 5-6 бейөкмөт уюм үчүн. Өкмөт мүчөлөрүнүн жарымы азыр бул жерде отурат. Аларды кармабайлы. Жылдын аягы болуп жатат. Салык, бажы төлөмдөрү жакшы топтолбой жатат. Булар барып иштесин. Саясатташтырбай, мыйзамды үчүнчү окууда колдоп берели.

"Суу кодексине" толуктоолорду киргизүү тууралуу өкмөттүн мыйзам долбоорун 31-октябрда парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитети талкуулап, үчүнчү окууда добуш берүүгө жиберген.

Долбоордо Кумтөр кениндеги Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү эрип, түгөнүп калгандыктан кен казууга уруксат берүү тууралуу сунуш бар. Эгер документ парламенттин жалпы жыйынында каралып, жактырылып, ишке кирсе, Кумтөр кенин иштеткен канадалык "Центерра Голд" компаниясы Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүндө тоскоолдуксуз иш жүргүзө алат.

Буга бир катар экологдор, жарандык активисттер каршы чыгып, мыйзам долбооруна өзгөртүү кирсе, айлана-чөйрөгө олуттуу зыян тийгизээрин айтып, аны четке кагууну парламенттен талап кылып жатышат. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG