Жогорку Кеңештеги "Республика - Ата Журт" фракциясын Руслан Казакбаев жетектемей болду. Мындай чечим бүгүн фракциянын жабык жыйынында кабыл алынды.
Фракциядан "Азаттыкка" кабарлашкандай, добуш берүү жашыруун болду. Буга чейин лидердин орун басары болуп келген Казакбаевге 15, ал эми Талант Мамытовго 12 депутат добуш беришти.
Быйылкы президенттик жарышта бийлик талапкери менен негизги атаандаш болгон "Республика - Ата Журт" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Ага Башкы прокуратура 4-ноябрда "конституциялык түзүлүштү күч менен алмаштырууга чакырык таштоо жана улут аралык кастыкты козутуу” деген беренелердин негизинде кылмыш иш козгогон.
13-ноябрда Бабанов Жогорку Кеңештеги "Республика - Ата Журт" фракциясынын лидери кызматынан кеткендиги жарыяланган. Буга түшүндүрмө берген НТС телеканалындагы кайрылууда Бабанов ушу тапта чет мамлекетте ден соолугун чыңдап жатканын айткан, бирок кайсы өлкөдө экенин тактаган эмес. (RK)