Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:24

Макрон Харирини Францияга чакырды


Саад Харири.
Саад Харири.

Шаршембиде француз президенти Эммануэл Макрон Ливандын премьер-министри Саад Харирини үй-бүлөсү менен Францияга чакырганын билдирди. Он чакты күн мурун Харири Сауд Арабияда жүргөн кезинде кызматынан кетип жатканын айткан. Макрон чакыруусун саясий башпаанек сунуш кылуу эмес, “достук ишараты” деп түшүндүрдү. Ливан президенти Мишел Аун өкмөт башчынын кызматтан кетүү боюнча арызын кабыл албай, Саудиянын жетекчилигин "Харирини барымтада кармап жатышат" деп айыптады. Эр-Рияд "Ливан премьерин күчтөп кармап жатат жана кызматтан кетүүгө мажбурлады" деген дооматтарды четке кагууда.

Харири өзү болсо мекенине кайтаарын 15-ноябрда кайталады. Буга чейин ал Иран менен ага ыктаган "Хезболла" кыймылын "өлкөдөгү туруктуулукту бузуп, араб дүйнөсүнө нааразылык толкунун жайылтып жатат" деп айыптаган. Ошондой эле ал өз өмүрү үчүн кооптонгондуктан кызматтан кетээрин жарыялаган.

XS
SM
MD
LG