Жогорку Кеңеш "Суу кодексине" өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун 3-окууда карап, добуш берүүгө жөнөттү.
Жыйындын жүрүшүндө депутат Рыскелди Момбеков буга чейин Кумтөрдөгү Лысый мөңгүсүнүн 10% жок болсо, “Кумтөр” кенин иштетип бүткөндө дагы 10% жок болорун, 80% калаары болжолдонуп жатканын айтты. Ал эми Давыдов мөңгүсү иштетилип бүткөндөн кийин 30% калаарын кошумчалады.
Депутаттар Мирлан Бакиров, Каныбек Иманалиев жана Алтынбек Жунус уулу "Мөңгүлөрдү “Центерра” компаниясы бузган болсо эмне үчүн аны өкмөт менен парламент мыйзамдаштырып бериши керек?" деген жүйөлөрү менен мыйзам долбооруна каршы пикирин билдиришти.
Депутат Исхак Масалиев "өкмөт азыркы мыйзамдын негизинде эле башка жолдорун таап “Кумтөр” кенин үзгүлтүксүз иштетүүнү жүзөгө ашырса болот" деген пикирин айтты. Депутат Алмамбет Шыкмаматов "буга чейин талкаланган мөңгүлөр үчүн “Кумтөр” кенин иштеткен компаниядан 50-80 млн. доллар төлөп беришин талап кылышыбыз керек" деп, мыйзам долбооруна каршы чыкты.
Жыйынтыгында мыйзам долбоору Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин чечими менен 3-окууда добуш берүүгө жиберилди.