Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:15

Жогорку Кеңеш "Суу кодексине" киргизилген өзгөртүүлөрдү колдоду


Жогорку Кеңеш "Суу кодексине" өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун 3-окууда карап, кабыл алды. Жыйынга катышкан 85 депутаттын 63 "ооба", 22 "каршы" добуш беришти.

Бүгүн бул маселе боюнча депутаттардын алдына вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев баштаган өкмөт мүчөлөрү келип, аны колдоп берүүнү өтүнгөн.

Мыйзам долбоорунда Кумтөр кениндеги Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү эрип, түгөнүп калгандыктан кен казууга уруксат берүү тууралуу сунуш бар. Эгер документ ишке кирсе, Кумтөр кенин иштеткен канадалык "Центерра Голд" компаниясы Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүндө тоскоолдуксуз иш жүргүзө алат.

Буга бир катар экологдор, жарандык активисттер каршы чыгып, мыйзам долбооруна өзгөртүү кирсе, айлана-чөйрөгө олуттуу зыян тийгизээрин айтып, аны четке кагууну парламенттен талап кылып жатышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG