Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:35

Атамбаев: алты жыл ичинде жөндөп иштегенге үч эле жыл беришти


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн өлкөнүн аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө жана Кыргызстандын экономикасын чыңдоого салым кошкондорго мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өткөн иш-чарада Атамбаев акыркы алты жылда кыргызстандыктардын колдоосу менен өлкөнүн көптөгөн тармактарында жакшы жетишкендиктер болгонун айтты:

- "Атамбаевдин убагында эч нерсе жасалган жок, Кыргызстан өзгөргөн эмес" дешет. Ушундай сөздөрдү укканда "көрө албастык" деген кыргыздын кебин эстейм. Булар көрө албайт да. Куранда да "жолду көргүсү келбегендерге көрсөтө албайсың" деп жазылган. Анткени, булар кыргыз көчүнүн, кыргыз элинин жолун көргүсү жок. Булардын жолу башка. Азыр мамлекетибиз таптакыр башка. Мына бүгүн реалдуу сектордун өкүлдөрүнүн арасына Бишкек менен Ош шаарларынын мэрлери да кошулду. Анткени, эки мэр реалдуу иштегенин көрсөтүштү. Ар бир күндү санап атам, батыраак бүтсө, батыраак кетип уктасам экен, сегиз күн калды деп отурам. Бирок чындыгында алты жыл ичинде жөндөп иштегенге үч эле жыл беришти да. Ага чейин, билесиңер, жолду бууйт же администрацияны басып алат. Кызык эле алты жыл болду. 26 жылдай көрүнүп кетти. Албетте, ушундай кыйын мезгилде силердей пикирлеш, санаалаштар болбогондо мен да журтту көтөрө албай сынып калмакмын.

Алмазбек Атамбаевдин бийликтеги мөөнөтү аяктоодо. 15-октябрдагы президенттик шайлоодо КСДП көрсөткөн мурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жеңип чыккан. Анын инаугурациясы 24-ноябрга белгиленген. (NT)

XS
SM
MD
LG