Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:20

Инвестицияны илгерилетүү агенттигинин жетекчиси алмашты


Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин жетекчиси болуп Эсенкул Момункулов дайындалды. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, тиешелүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков 16-ноябрда кол койду.

Ушул эле күнү өкмөт башчы Момункуловду мекеменин жамаатына тааныштырды. Эсенкул Момункулов быйыл 5-сентябрдан бери премьер-министрдин кеңешчиси болуп иштеп жаткан.

Кечээ Исаковдун дагы бир токтому менен мекеменин макамы жогорулатылган. Инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү деп аталган мекеме Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги болуп кайра түзүлгөн.

Агенттикти буга чейин Алымбек Орозбеков жетектеп келген. (NT)

XS
SM
MD
LG