Акция советтик армиянын 316-мотоаткычтар дивизиясынын экинчи дүйнөлүк согуштагы эрдигинин 76 жылдыгына арналат.
Эскерүү иш-чарасына Бишкек шаарынын жетекчилигинин, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү, студенттер, жогорку окуу жайлардын окутуучулары катышат.
Аны “Евразиялыктар – жаңы агым” фонду, президенттин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы башкалаа башкармалыгы менен кошо уюштурган. Акция генерал-майор, Советтер союзунун баатыры Иван Панфиловдун Бишкектин борборундагы эстелигине гүл коюу менен аяктайт. (NT)