Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:33

ЕККУ: ЖМКны "чет элдик тыңчы" деп тааныганга болбойт


Арлем Дезир.
Арлем Дезир.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму Орусияда жалпыга маалымдоо каражаттарын "чет элдик тыңчы" деп таанууга уруксат берген мыйзам долбооруна тынчсызданганын билдирди.

Уюмдун ЖМКдагы эркиндик боюнча өкүлү Арлем Дезир 16-ноябрда АКШда да, Орусияда да бир катар редакцияларды "тыңчы" деп таануу алгылыксыз кадам экенин айтты. Ал Вашингтон менен Москваны айрым медиа уюмдарга "чет элдик агент" катары каттоодон өтүү тууралуу талап коюудан баш тартууга чакырды. Өз сөзүндө ал "тараптар мындай талап үчүн конкреттүү себептерди аташы керек" деп кошумчалады.

Арлем Дезирдин айтымында, ЕККУга мүчө бардык мамлекеттер 1975-жылы Хельсинки актына кол коюшкан. Документ бардык маалыматтарды эркин жана кеңири таратууга багытталган.

Мамлекеттик Дума "чет өлкөлүк маалымат каражаттары агент катары каттоодон өтпөсө, Орусияда иштей албайт" деген жобону тиешелүү мыйзамга киргизүүнү көздөп жатат. Депутаттар муну менен Орусиянын "Russia Today" телеканалынын АКШда чет элдик агент катары таанылганына жооп кайтарылаарын айтышкан.

XS
SM
MD
LG