Линктер

шаршемби, 15-август, 2018 Бишкек убактысы 15:46

Митингдерге кайрадан тыюу салынды


Ала-Тоо аянтында өтүп жаткан майрамдык иш-чараны милиция кайтарууда.

Бишкекте митинг өткөрүүгө убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна Жогорку Соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Мындай өтүнүч менен Биринчи Май райондук сотуна райондук милиция кайрылган. Ички иштер органынын арызы 8-ноябрда канааттандырылган. Ошол күнү күчүнө кирген чечимге ылайык Ак үйдүн, Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында, Ала-Тоо аянтында, Жогорку жана шаардык соттун жанында, Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин алдында митинг жана тынч акцияларды өткөрүүгө уруксат жок.

Мындай чектөө 1-декабрга чейин киргизилди. Анын себеби айтылган жок.

Каалоочулар Максим Горькийдин эстелигинин алдында чогулса болот.

Буга чейин 27-июлдан 20-октябрга чейин да Бишкекте түрдүү жарандык иш-чараларды, нааразылык акцияларын өткөрүүгө тыюу салынган болчу. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG