Дүйшөнбек Зилалиев вице-премьер-министрлик кызматтан бошотулду. Бул тууралуу жарлыкка мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койгонун бүгүн президенттик аппараттын маалымат кызматы кабарлады.
Зилалиев премьер-министр Сапар Исаковдун сунушунун негизинде, башка ишке өтүп жатканына байланыштуу иштен алынганы кабарланды.
Зилалиев президенттик шайлоо боюнча республикалык штабга жаңы дайындалганда Баткенде эл менен жолугуп, бийликтин талапкерине үгүттөгөнү үчүн штабдан кетип, кийин премьер-министрден катуу сөгүш алган. Ошондой эле ал чехиялык "Лигласс" компаниясы менен ГЭС куруу тууралуу кол койгон келишим да кийин ишке ашпай калган.
Баткендеги жолугушууда айткандары тууралуу "Азаттык" радиосуна комментарий берип жатып Зилалиев өз сөзүн үгүт катары кабыл алууга болбой турганын, ал жерде кимге добуш бере турганын сурагандарга жооп кайтарганын билдирген. (RK)