Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:05

Сот Текебаевдин адвокатын айлыксыз калтырды


Таалайгүл Токтакунова сот залында.
Таалайгүл Токтакунова сот залында.

Жогорку Кеңештеги “Ата-Мекен” фракциясынын катчылыгынын башчысы, юрист Таалайгүл Токтакунова маяна алуу укугунан ажыратылды. Мындай чечим Бишкектин Октябрь райондук сотунда кабыл алынганын Токтакунова бүгүн “Азаттык” радиосуна кабарлады. Анын айтымында, буга быйыл жазында өткөргөн басма сөз жыйыны себеп болгон.

Токтакунова райондук соттун чечимин мыйзамсыз деп эсептейт:

- Айлыкты 100% камоого эч кимдин акысы жок. Буга мыйзам жагынан да, моралдык жактан да уруксат берилбейт. 50% өндүрүп алса болот. Менин балдарымды бир тыйынсыз калтырууга эч кимдин укугу жок.

Быйыл март айында Токтакунова юрист Канатбек Азиз менен бирге Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүп, "Дача СУ айылына кулаган учактагы жүк президент Алмазбек Атамбаевге тиешеси бар" деген маалымат тараткан. Башкы прокуратура мамлекет башчынын кадыр-баркын коргоп, Токтакунова менен Азизди сотко берген. Райондук, андан кийин шаардык сот көзөмөл органдын доо арызын толук канааттандырып, алардан 10 миллион сом өндүрүп алуу тууралуу чечим чыгарган. Ошону менен катар Токтакунованын мүлкү камакка алынган. Юристтер бул чечимге каршы чыгып, Жогорку Сотко кайрылган, ал жактан чечим чыга элек.

Токтакунова “Ата-Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаевдин сотунда жактоочу болгон.

Текебаев жана мурдагы ӨКМ башчысы Дүйшөнкул Чотонов орус жаранынан ири суммада пара алган деген айып менен камалышкан. Алар өздөрү бул өкүмдү оппозициялык ишмердүүлүгү үчүн бийликтин куугунтугу деп баалашкан. Бийлик мындай пикирди четке каккан.

Токтакунованын Дача СУ боюнча билдирүүсү далилдене элек.

Анын айлык маянасына байланыштуу сот органдарынан азырынча комментарий боло элек. (RK)

XS
SM
MD
LG