Ош шаарында мас абалында милиция кызматкерин уруп, мурдун сындырды деп шектелген айдоочу камакка алынды. Анын үстүнөн Кылмыш кодексинин 234-беренеси - "Бейбаштык" боюнча кылмыш иши козголду.
Окуя 17-ноябрга караган түнү болгон. Калаа милициясынын басма сөз кызматы "Азаттык" радиосуна билдиргендей, шаардык ички иштер башкармалыгынын жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери "Матиз" үлгүсүндөгү автоунааны токтоткон кезде айдоочу мас экени аныкталган.
Маалыматта ал каршылык көрсөтүп, кол телефону менен бир милиция кызматкерин мурунга урганы айтылат.
Мурду сынган тартип сакчысы учурда Ош шаардык ооруканасында жатат. (SE)