Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:41

Кыргыз-казак чек арасында 600дөй автоунаа турат


Кыргыз-казак чек арасы.
Кыргыз-казак чек арасы.

Кыргызстан менен Казакстандын чек ара аймактарындагы өткөрүү пункттарында 600 чамалуу жүк ташуучу унаа топтолуп турат. Мамлекеттик чек ара кызматынын эсеби боюнча түшкө чейин "Ак-Тилек" пунктунда 365, "Чоң-Капкада" 212 машине бар. Ал эми "Чалдыбар" жана "Ак Жол" пункттарында чоң тыгын жок.

Мекеменин басма сөз кызматы казак тарап саатына алтыдан сегизге чейин автоунаа текшерип, өткөрүп жатканын билдирди.

Казакстан 10-октябрдан баштап Кыргызстан менен чек арасында текшерүүнү күчөткөн. Башында казак бийлиги муну Кыргызстандагы президенттик шайлоого байланыштырган. Кийинчерээк расмий Астана Кыргызстан ЕАЭБдин талаптарын бузуп жатканын айтып, мындан өз бюджети да зыян тартканын билдирип чыкты.

Андан мурдараак президент Алмазбек Атамбаев казак мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаевди "Кыргызстандын ички иштерине кийлигишип жатат" деп сынга алган. (SE)

XS
SM
MD
LG