Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:15

Дүйшеев: Мөңгү боюнча жаңы чечимдин зыяны жок


Кумтөр.
Кумтөр.

“Суу кодексине” киргизилген өзгөртүүлөр Кыргызстанга экологиялык зыян алып келбейт. Мындай пикирин бүгүн “Азаттык” радиосуна Тоо-кен өнөр жайчылар жана геологдор ассоциациясынын президенти Орозбек Дүйшеев билдирди:

- Мөңгүлөр дайым жылып турат, ал кыймылдагы нерсе. Кумтөрдү баштабасак деле ал акырындап ылдый жыла бермек, өзүнүн деңгээлине келгенде эримек. Бул жерде эч кандай экологиялык зыян, келечек үчүн зыян жок.

Жогорку Кеңеш кечээ "Суу кодексине" өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун 3-окууда карап, кабыл алды. Жыйынга катышкан 85 депутаттын 63 "ооба", 22 "каршы" добуш беришти.

Мыйзам долбоорунда Кумтөр кениндеги Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү эрип, түгөнүп калгандыктан кен казууга уруксат берүү тууралуу сунуш бар. Эгер документ ишке кирсе, Кумтөр кенин иштеткен канадалык "Центерра Голд" компаниясы Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүндө тоскоолдуксуз иш жүргүзө алат.

Буга бир катар экологдор, жарандык активисттер каршы чыгып, мыйзам долбооруна өзгөртүү кирсе, айлана-чөйрөгө олуттуу зыян тийгизээрин айтып, аны четке кагууну парламенттен талап кылып жатышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG