Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:37

Ара төрөлгөн балдар көбөйүүдө


Кыргызстанда ара төрөлгөн балдар көбөйүүдө. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте Ара төрөлгөн балдардын эл аралык күнүнө арналып өткөн жыйында айтылды.

Эне-баланы коргоо боюнча улуттук борбордун маалыматына караганда, былтыр бул мекемеде салмагы 1-1,5 килограммга жетпей төрөлгөн балдардын саны 280 болсо, быйыл 10 айда эле 1100гө жетти. Ал эми жалпы Кыргызстанда бул көрсөткүч бир жылда 10-12 миңге чамалап барат.

Ымыркайлардын ай-күнүнө жетпей төрөлүшүнүн негизги себеби катары дарыгерлер энелердин кош бойлуу кезиндеги абалын атоодо. Айрыкча аз кандуулук, кан басымынын жогорулугу кесепетин тийгизип жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG