Кошмо Штаттардын Орусиядагы элчиси Жон Хантсман “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Москвадагы бюросуна маек куруп, "Чет өлкөлүк агенттер жөнүндө" мыйзам тууралуу пикирин билдирип, ал "чоң тынчыздануу" жаратарын белгиледи:
- Мен бул жерге биз, америкалыктар, басма сөз эркиндиги, ачык-айкындуулук ийгиликтүү жана бекем демократиялык системанын өтө маанилүү бөлүгү экенине ишенгендиктен келдим.
Элчи ошондой эле алардын "Чет өлкөлүк агенттерди каттоо" мыйзамы менен Орусия кабыл алып жаткан мыйзам долбоору ортосунда кыйла айырмачылык бар экенин да кошумчалады. Мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, өкмөт чет мамлекеттен каржыланган медиа уюмдарды “чет элдик агенттер” катары аныктоого мүмкүндүк алат. Мамлекеттик Думанын депутаттары 15-ноябрда бул сунушту үчүнчү окууда дээрлик бир добуштан жактырышты. Ал эми Жогорку палата - Федерация кеңеши 22-ноябрда караганы жатат.
Орусиянын Юстиция министрлигинин сайтында жарыяланган тизмеге караганда, жаңы мыйзамдын таасири биринчи кезекте “Эркин Европа/Азаттык” жана “Америка добушу” радиолоруна байланышы бар тогуз медиа мекемеге тийиши мүмкүн.
"Эл аралык мунапыс" уюму Орусияда ММК мыйзамына киргизилип жаткан жаңы өзгөртүүлөрдү “басма сөз эркиндиги боюнча ансыз деле оор абалга олуттуу сокку уруу” катары сыпаттады.
Думанын төрагасы Вячеслав Володин мурдараак алардын мыйзамы - Кошмо Штаттарда орусиялык журналисттер кабылган кысымга карата “симметриялык жооп” деп билдирген.
Орусиянын өкмөттүк RT телеканалы 13-ноябрда АКШнын Юстиция министрлигинде "Чет элдик агенттерди каттоо" мыйзамынын негизинде кайрадан каттоодон өттү.
Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Хизер Нойерт мындай каттоо “жеке адам же уюм саясий ишмердик менен” алектенгенде талап кылынарын белгилеген. Америкалык расмий өкүлдөрдүн айтымында, Орусиянын чет элдик агенттер боюнча мыйзамы АКШдан айырмаланат.
Кошмо Штаттарда ал мыйзам 1938-жылы өлкөдө нацисттик пропаганда жана дезинформация жайылабы деген коркунучтардан улам кабыл алынган. (UE)