Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:31

Адахан Мадумаров Москвадагы мигранттар менен жолугушту


Оппозициячыл саясатчы Адахан Мадумаров менен жолугушууга келген мигранттар. Москва, 16-ноябрь, 2017-жыл.
Оппозициячыл саясатчы Адахан Мадумаров менен жолугушууга келген мигранттар. Москва, 16-ноябрь, 2017-жыл.

16-ноябрда Москвадагы концерттик залдардын биринде "Мен макул эмесмин" деген ураан менен өткөн жолугушууда "Бүгүнкү мыйзам бузууларга жана кайдыгерликке, бүгүнкү башаламандыкка, улуттун кызыкчылыгы тебеленгенине жана тарыхтын бурмаланышына, бүгүнкүдөй көз боёмочулукка, элди сатып алганга жана сатылганга, кыргыз мөңгүлөрүнүн талкаланышына мен макул эмесмин" деген тезистер жазылган баракчалар таркатылган.

Жолугушууну мигранттардын арасында түзүлгөн "Жаштар коому", "Ак-ниет" коомдук кыймылдары жана “Элдик чындык фонду” бирикмеси уюштурган. Өткөн айдагы президенттик шайлоо учурунда Мадумаровдун Москвадагы өкүлү жана байкоочусу болгон жарандык активист Мирлан Ураимов “Азаттык” радиосуна буларды айтты:

- Биз мигранттардын өтүнүчү боюнча бул жолугушууну уюштуруп, бардыгын каржылап, Адахман Кимсанбаевичти өзүбүз чакырып келдик. Шайлоого катышпай калып, нааразы болгон жарандарыбыз бар. Алар кат жазып, кайрылуу жөнөткөнбүз. Жолугушууда мигранттар шайлоонун жыйынтыгы, Кыргызстандагы саясий абал жөнүндө сурашты. Биздин эсеп боюнча жолугушууга миңге жакын адам катышты.

“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидери, 15-октябрдагы президенттик шайлоодо үчүнчү орун алган Адахан Мадумаров шайлоо жыйынтыгын тааныбай тургандыгын айтып чыккан. Мындай турумунун бир себеби катары Орусиядагы оң миңдеген кыргыз мигранттары шайлоодо добуш бере албай калганын атаган.

Мадумаров ошондой эле шайлоодон кийин “Макул эмесмин” деген аталышта нааразылык кыймылын уюштурууга аракеттене тургандыгын да билдирген.

Адахан Мадумаров президенттик шайлоого талапкер болуп катышып, 108 миңден ашуун же 5% ашык шайлоочунун добушу менен үчүнчү орунга чыккан.

Президент Алмазбек Атамбаев шайлоонун расмий жыйынтыгы жарыялангандан кийин добуш берүү таза жана ачык-айкын өткөнүн айткан. (LZT/UE)

XS
SM
MD
LG