Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:00

Соттолгондорду реабилитациялоо иштерине 135 миң доллар бөлүндү


Чүйдөгү өспүрүмдөрдүн колониясы
Чүйдөгү өспүрүмдөрдүн колониясы

Бул каражат БУУнун маңзат жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тарабынан берилүүдө. Сот жоопкерчилигине тартылып, жаза мөөнөтүн өтөп чыккандардын коомчулукка аралашып, ордун таап кетүүсүнө көмөктөшүү чараларынын алкагында эл аралык уюмдун колдоосу менен жаза өтөөчү жайларда өндүрүш ишке киргизилет.

БУУнун маңзат жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн "Азаттыкка" маалымдашкандай, бул акчага наабайкана, кийим тигүүчү жана бут кийим ултаруучу цехтер ачылат. Ишканаларда абакта жаза өтөп жаткан 100 киши иштеп, түрмөдөн кийин кадимки жашоого оңой кайтууга мүмкүнчүлүк алышат деп айтылат маалыматта.

Жаза өтөп чыккандарды реинтеграциялоого 135 миң доллар бөлүү тууралуу келишимге узап бараткан аптада Кыргызстандын Жаза аткаруу кызматынын төрагасы Таалай Жапаров менен БУУнун маңзат жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын программалык менеджери Вера Ткаченко кол коюшту.

Жаза өтөгөндөрдүн көпчүлүгү эркиндикке чыкканда коомдон ордун таба албай, көп учурда кайрадан кылмыш кылып, түрмөгө түшкөнү тууралуу айтылып келет.

БУУнун маңзат жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы бир катар мамлекеттерде, анын ичинде Кыргызстанда мунун алдын алуу жана жазасын өтөп чыккандарды реинтеграциялоо боюнча атайын программаларды ишке ашырып келет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG