Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:54

Одессада Константин Райкиндин концерти үзгүлтүккө учурады


Константин Райкин
Константин Райкин

Жергиликтүү патриоттук уюмдун мүчөлөрү орусиялык сатирик Константин Райкиндин концертин үзгүлтүккө учуратышты.

Алар концерт өтүп жаткан театр имаратына Орусияда тыюу салынган "Оңчул сектор" уюмунун мурдагы жетекчсиси Сергей Стерненко менен чогуу кирип барышкан. Сахнаны карай жөнөшкөндө сатирик сценадан кетүүгө аргасыз болгон. Театр жетекчилиги концертти токтотуу чечимин кабыл алган.

Кийинчерээк активисттер менен көрүүчүлөрдүн ортосунда айтышуу болуп, полиция келген.

Сергей Стерненко театрдагы окуяны Фейсбуктага баракчасына түз чагылдырып жатып, орусиялык сатирик Крымдын аннексияланышын колдоого алганы үчүн "Украинанын душманы" деп атады.

Стерненко август айында Райкиндин 2014-жылкы интервьюсун таап чыгып, жарыялаган. Анда сатирик "Крым Орусияга кошулганына кубанычта экенин" билдирген жери бар.

XS
SM
MD
LG