Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:37

Атамбаев орус президенти Путин менен жолукту


Президент Атамбаев орус мамлекет башчысы Путин менен. 17-ноябрь, 2017-жыл
Президент Атамбаев орус мамлекет башчысы Путин менен. 17-ноябрь, 2017-жыл

Жолугушууда орус президенти кыргыз мамлекет башчысын жылуу кабыл алып, Атамбаевдин президенттик кызматында алгачкы жана акыркы сапарлары Орусияга болуусу символдуу экенин белгиледи.

Путин Атамбаевге Кыргызстандын президенти болуп турган учурунда орус-кыргыз кызматташтыгы олуттуу жакшырганын белгилеп, Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгонун, экономика, коопсуздук жаатында жана гуманитардык кызматташууда эки тараптуу мамилелер илгерилегенин айтып кетти. Президент Алмазбек Атамбаевди мындан ары да "гуманитардык кызматташууну тереңдетебиз жана Алтай цивилизациясын мындан ары изилдөөгө багытталган демилгени колдойбуз" деп ишендирди.

Кыргызстандын мамлекет башчысы өз кезегинде көп кылымдык тарыхый байланышы бар өлкөлөр ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү деңгээлине канааттангандыгын белгиледи.

Жолугушуу жүрүшүндө тараптар ошондой эле кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин жана мындан аркы келечегин, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Орусияга иш сапары менен барган. Бул анын президенттик кызматындагы акыркы иш сапары.

Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын президенти болуп 2011-жылы шайланган. 24-ноябрда тарта ал ордун жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековго бошотуп берет. Ушуну менен экинчи ирет өлкөдө мамлекет башчысы ордун кийинки шайланган президентке тынч жол менен бошотуп берүүдө. 2010-жылы референдум аркылуу шайланып келген өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева 2011-жылы 1-декабрда Алмазбек Атамбаевге мамлекет башчылык кызматты өткөрүп берген.

Кыргызстандын алгачкы президенти Аскар Акаев он беш жылдык башкаруусунан кийин, элдин нааразылыгынан улам, 2005-жылы өлкөдөн үй-бүлөсүн алып, качып кеткен. Андан кийин мамлекет башына келген Курманбек Бакиев да 2010-жылы апрелде үй-бүлөсү менен өлкөдөн качып кеткен. Учурда Аскар Акаев Орусияда, Курманбек Бакиев Беларуста баш калкалап жүрүшөт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG