Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:42

Аксыда эки аялды өлтүрүп, үчүнчүсүн жарадар кылган адам камакка алынды


Аксы районунун Коргон айылында 14-ноябрь күнү кайнене-келинди өлтүрүп, ал эми үйдөгү дагы бир кызды өлтүрүү аракети үчүн шектелип кармалган адам камакка алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ИИБнын басма сөз инспектору Самара Кыдырова "Азаттык" радиосуна билдирди:

- Ага Кылмыш кодексинин 97-беренеси боюнча, адам өлтүргөнү үчүн кылмыш иши козголуп, учурда тергөө жүрүүдө. Ошондой эле Аксы райондук соттун чечими менен эки айга камакка алынды.

ИИМ маалыматы боюнча, кармалган шектүү адам кыздын сүйлөшүп жүргөн жигити болгон. 14-ноябрда кечке жуук жигити кызга келип, анын курсагындагы беш айлык түйүлдүктү алдыруусун талап кылган. Кыз макул болбогондо үйүнөн ала келген балтасын шилтеген. Ызы-чуудан ойгонуп кеткен үйдөгү кайнене-келинди да кирип барып, балта менен чаап өлтүргөн.

Кош бойлуу кыз аман калган. Ал оор абалда райондук ооруканада жатат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG