Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:11

Чүйдө 15 жаштагы өспүрүм асынып алды


иллюстрациялык сүрөт
иллюстрациялык сүрөт

Өспүрүм 14-ноябрь күнү үйүнѳн алыс жердеги бакка асынып алганын, бул иш боюнча иликтөө жүрүп жатканын Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан маалымдашты. Милициядан кабарлашкандай, өспүрүм Сокулук районундагы Асылбаш айылындагы Бейшеналы атындагы орто мектепте 9-класста окуган.

Айрым маалыматтар боюнча, баланын асынып алуусуна мурдараак эки мектеп окуучуларынын ортосундагы массалык мушташ себеп болгон. Асынып алган окуучу ошол мушташта башка бир баланы катуу уруп коюп, ал ооруканага жатып калган. Муну билген чоңдор баланы жемелегенден кийин ал үйдөн чыгып кеткен. Көп өтпөй анын асылган абалдагы жансыз денеси өзү жашаган аймактан алыс эмес бактан табылган.

14-ноябрда Бишкектеги №28 орто мектептин 5-классынын окуучусу газ кууруна асынып өлгөн.

Ага чейин Ысык-Көл районунун Семеновка айлында 8-класстын окуучусу асынып алган. Кийин Чүйдүн Петровка айылында да 17 жаштагы кыз жипке муунуп кете берген. 11-октябрда Нарындын Ат-Башы айылында 11 жаштагы окуучу кыз жоолукка асынып каза тапкан. Балдардын өз өмүрүн кыюусуна эмне себеп болгону кабарланган эмес.

Расмий маалыматтар боюнча, былтыр балдар арасында 96 суицид катталган. 2015-жылы 102, 2014-жылы 106 бала жанын кыйган. Билим берүү жана илим министрлиги бул санды азайтуу үчүн ата-энелер жана окуучулар арасында түшүндүрүү иштери үзгүлтүксүз жүрүп жатканын билдирип келет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG