Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:36

Караколдо өгөй кызын өлтүрүүгө шектелген адам кармалды


Иллюстрация
Иллюстрация

Бул тууралуу "Азаттыкка" Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Анын айтымында окуя ушул жылдын 25-октябрында саат 17:30 чамасында катталган. Каракол шаарынын 1968-жылы туулган тургуну А. Эркинбек 2011-жылы туулган А.Фатиманы сабаган. Натыйжада алты жаштагы кыз алган жараатынан улам ооруканага жетпей каза болгон.

А. Эркинбек аялы менен Каракол шаарынын Коенкозов көчөсүндөгү үйдө 2015-жылдан бери батирде турушчу. Алардын бир кызы бар. Ал эми аялынын мурдагы никесинен үч баласы болгон.

Кармалган жаран ошол күнү аялы үйдө жок болгонун, кызы ыйлаганы үчүн чаап жибергенде, ал башы менен дубалга урунганын айтууда.
Кыздын агасы мектептен келип, Фатима эс-учун жоготуп жатканын, атасы ага суу чачып жатканын көргөн. Кыз "Тез жардам" унаасында каза болгон. Териштирүүнүн жүрүшүндө кыздын кара кушуна кан толуп каза болгондугу аныкталган.

Шектүү учурда убактылуу кармоочу жайда. Укук коргоо органдары тарабынан тиешелүү иштер жүрүүдө.(AsM)

XS
SM
MD
LG