Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:38

Ташкентте дин ишеними үчүн кармоолор жанданды


Өзбекстандагы милиция кызматкерлери
Өзбекстандагы милиция кызматкерлери

Өзбекстандын борборунда жана Ташкент облусунун Заңги-Ата районунда акыркы үч күндө 20 жаштан 60 жашка чейинки 80 адам кармалган. Арасында аялдар да бар.

Өзбекстандагы укук коргоочулардын көз карандысыз тобунун маалыматы боюнча аларга 17-ноябрда аялдар кайрылып, 14-ноябрдан тарта милиция кызматкерлери үйлөргө кирип, тинтүү иштерин жүргүзүп, адамдарды кармап кетишкенин айтышкан. Алардын маалыматы боюнча, кармалган адамдар тууралуу түзүлгөн протоколдордун көчүрмөсү берилген эмес. Кызматкерлердин баары жарандык формада болушкан.

Маалыматка ылайык, күч кызматкерлери Дилдора Агзамованы 23 жаштагы уулу Насрулла менен чогуу кармашкан. Булардын атасы Файзулла Агзамов дин ишеними боюнча айыпталып, 2001-жылдан бери абакта. 2014-жылы анын мөөнөтү дагы 16,5 жылга узартылган. Булардын тууганы Шүкүрүлло Агзамов да дин ишеними боюнча камалып, 2006-жылы кыйноолордон улам түрмөнүн ооруканасында каза тапкан.

16-ноябрь күнү кечинде беш эркек менен эки аялды Ташкенттеги тергөө абагына алып кетип, калгандарын кое беришкен.

Аталган укук коргоо кыймылынын мүчөсү Сурат Икрамов дин ишеними боюнча айыпталып камакка алынгандардын "кара тизмесиндеги" адамдардын туугандарын кармоо уланып жатканы тууралуу маалыматтар дагы деле түшүп жатканын кабарлады.

Июнь айында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев "кара тизмеден" күнөөсүз айыпталгандарды чыгарууну тапшырган. Август айында аталган тизмеден 16 миң киши чыгарылганы кабарланган.

XS
SM
MD
LG