Синоптиктердин маалыматы боюнча, 19-ноябрда түнкүсүн жана эртең менен жаан жаап, карга айланышы мүмкүн, күндүз жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0...-5, күндүз 2...7 градус жылуу болот.
Таласта түнкүсүн -3...-8, күндүзү 1...6 градуска чейин жылыйт.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн -2...+3, күндүзү 6...11 градус жылуу болот.
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз 1...6 градус жылыйт.
Нарында түнкүсүн -8...-13, күндүз 0...5 градус жылыйт.
19-ноябрда Бишкекте түнкүсүн жаан жаап, карга айланат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн -2...-4, күндүз 5...7 градус жылыйт.