Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:28

Нарында кайрымдуулук кинотеатры ачылды


Жаңы кинотеатр. Нарын. Ноябрь, 2017-жыл
Жаңы кинотеатр. Нарын. Ноябрь, 2017-жыл

Нарын шаарында 32 орундуу, чакан 3D форматындагы кинотеатр ачылып иштей баштады. Аталган кинотеатр «Биздин-Тилек» аттуу кайрымдуулук фонду тарабынан 500 миң сомдон ашык каражатка салынган. Бул чыгымды жергиликтүү демөөрчүлөр каржылаган. Ал эми кинотеатрдан түшкөн кирише толугу менен кайрымдуулукка жумшалат.

- Түшкөн пайданы шаарыбыздагы ини-карындаштарыбыздын окууларына, олимпиада, конкурстарды уюштурууга жумшайбыз. Мындан тышкары жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн балдарына окуу куралдарын, мектеп формасын алып беребиз, - дейт кинотеатрдын жетекчиси Талант Ниязбеков.

Нарын шаарында союз убагында салынган “Соң-Көл” кинотеатры бар. Ал аппараттарынын эскилиги жеткендиктен жана жылытуу системасы жоктугунан учурда иштебей турат. (MiK)

XS
SM
MD
LG