Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:11

Чүйдө 21 айдоочу мас абалында кармалды


Кыргызстандагы жол кырсыктарынын бири.
Кыргызстандагы жол кырсыктарынын бири.

17-ноябрда Чүй облустук кайгуул-күзөт башкармалыгы тарабынан "Рулда" деп аталган рейд жүрдү. Бир нече сааттык текшерүү учурунда 21 айдоочу унаасын мас абалында айдап бара жатканы аныкталды. 50 автоунаа түрдүү себептер менен айып аянтчасына токтотулду. Унааны тиешелүү документтери жок айдап жүргөн 37 адам, мамлекеттик номуру жок тээп жүргөн 4 киши кармалды. Дагы төрт автоунаага айнектери караңгылатылганы үчүн айыппул салынды.

Чүй облустук кайгуул-күзөт башкармалыгынын маалыматы боюнча, рейддин максаты - алкоголдук ичимдик ичкен адамдардын унаа айдоосуна бөгөт коюу.

"Мас абалда унаа айдоо - айдоочулук күбөлүктөн ажыроо гана эмес, кимдир-бирөөлөрдү жашоодон ажыратууга чейин алып келген коркунучтуу кесепеттерге себеп экенин унутпоо керек. Ичимдик ичип, машине башкарган киши гана эмес, аны ичирбей токтотуп калбаган кишилер да кылмышка себепкер" деп айтылат маалыматта.

Кайгуул милициясынын маалыматы боюнча, жыл башынан бери 4460 жол кырсыгы катталып, кайтыш болгондордун саны 600дөн ашкан. Өкмөттүн маалыматы боюнча бул көрсөткүч былтыркы жылга караганда 6,7 пайызга жогору. Ноябрь айынын башынан бери эле автокырсыктан набыт болгондордун саны 50дөн ашты. (ZKo)

XS
SM
MD
LG