Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

Мугабенин кортежи Хараредеги резиденциядан чыгып кетти


Президент Мугабе Баатырлар күнүн майрамдоо учурунда. 13-август, 2017-жыл
Президент Мугабе Баатырлар күнүн майрамдоо учурунда. 13-август, 2017-жыл

Зимбабвенин президенти Роберт Мугабенин кортежи Хараредеги "Көк чатыр" деп аталган резиденциядан чыгып кетти.

Бирок андагы унааларда Мугабе бар-жогу тууралуу так маалымат жок. Резиденцияны курчап турган аскерлер чогулган элди тосуп, автокербенге жакындоого мүмкүнчүлүк берген жок. Зимбабвенин аскер командачылыгы бийлик тынч жол менен өткөнүн маалымдады.

Рейтер маалымдагандай, жекшембиде өлкөдө партиялык жыйындар өтүшү мүмкүн. Анда Мугабе менен аялы бардык жетекчи кызматтардан алынары айтылууда.

93 жаштагы Роберт Мугабе отуз жыл Зимбабвенин президенти болуп турду. Ага чейин дагы жети жыл өкмөттү башкарган.

15-ноябрда аскерлер баш калаа Харарени өз көзөмөлүнө алып, муну президенттин айланасындагы “кылмышкерлерге” каршы операция деп аташкан. Армия өкмөттүк имараттарга, парламентке, сотторго кетчү жолдорду оор техника менен бөгөп, мамлекеттик телеканалды басып алган.

Мугабе резиденциядан чыгарылбай кармалып турганы айтылган. Армия бийликке Мугабенин жубайы, 52 жаштагы Грейс Мугабенин келишине каршы ушундай кадамдарга барганы кабарланган.

XS
SM
MD
LG