Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:38

Ооганстанда талиптердин түрмөсүнөн отуздан ашуун киши бошотулду


Ооган өкмөттүк күчтөрүнүн чеби
Ооган өкмөттүк күчтөрүнүн чеби

Алар Гилменд провинциясында ооган жана чет элдик күч кызматтары жүргүзгөн рейд учурунда бошотулду. Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, бошотулгандардын арасында төрт жаш бала жана эки полиция кызматкери бар. Жыйырма чакты кишини талиптер өкмөттүк аскерлер менен кызматташкан деген айып менен камашкан, айрымдары ооган полициячыларынын же аскер адамдарынын туугандары. Дагы алты кишинин камалуу себеби такталып жатканын Майванда районунун аскер пресс-катчысынын орун басары Абдул Кадир Бахадурзай кабарлады.

«Талибан» кыймылы кармалгандардын бары түрдүү кылмыштар менен айыпталганын, алар сот жоопкерчилигине тартылууга тийиш болчу деген билдирүү таратты. Бирок «Талибандын» өкүлү Юсуп Ахмад "бул түрмөдө душмандардан эч ким болгон эмес, ошондуктан, көп деле корголгон эмес" деп билдирди.

XS
SM
MD
LG