Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:22

Ташкентте студенттин өлүмүн иликтөөнү талап кылгандар кармалды


Жасур Ибрагимов
Жасур Ибрагимов

Студенттин өлүмүнө байланышкан ишти адилет иликтөөнү талап кылып быйыл 4-июнда Ташкенттеги «Дустлик» паркында митинг өткөн. Аталган акциянын уюштуруучулары саналган Ирина Зайдман менен Мария Леглер кармалганын "Озодлик" радиосуна алардын туугандары маалымдашты. Маалыматка ылайык, Ирина Зайдман 15-ноябрда милицияга чакырылган. Эртеси күнү ал "коомдук тартипти жана коопсуздукту бузууга чакырган материалдарды сактаганы, таратканы жана жарыялаганы үчүн" айыпталып, 15 суткага камакка алынган. Ошол эле күнү экинчи активист Мария Леглер да камалган.

Өзбекстандын Ички иштер министрлиги бул маалыматты ырастаган да, төгүндөгөн да жок.

4-июнда Ташкендеги «Дустлик» паркында митинг өтүп, милициядан медициналык колледждин студенти Жасур Ибрагимовдун өлүмү адилет иликтенүүсүн талап кылган петицияга кол коюлган.

Жасур Ибрагимов быйыл 3-майда өзүнүн курсташтарынан катуу таяк жеп, алган жаракатынан бир айга жетпей каза тапкан.

XS
SM
MD
LG