Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:00

Саакашвили: белгисиз адамдар айдоочумду сабап кетти


Саакашвили тарапкерлери менен Киевде. 12-ноябрь, 2017-жыл
Саакашвили тарапкерлери менен Киевде. 12-ноябрь, 2017-жыл

Грузиянын экс-президенти, Украинанын Одесса облусунун мурдагы башчысы Михаил Саакашвили белгисиз адамдар айдоочусун сабап кетишкенин билдирди. Анын айтуусунда, айдоочу өзүнүн унаасына жакын токтотулган эки машинени тааныган. Саакашвили бул автоунаалар украин атайын кызматтарына таандык деген пикирин билдирди.

18-ноябрда Киевде Саакашвилинин тарапкерлери президент Порошенконун үйүнө кирүүгө аракет кылган. Катуу коргоого алынган үйдөн эч ким чыккан эмес. Андан кийин митингчилер президенттик администрациянын алдында желим дөңгөлөктөрдү өрттөшкөн. Алар грузин ыктыярчысы Вано Надирадзенин кайда экенин айтууну талап кылышкан. Саакашвили жана анын тарапкерлери Надирадзе украин бийлиги тарабынан Грузияга депортацияланган деп билдирүүдө. Бирок украин күч кызматтары бул маалыматты ырастаган жок.

Мурдараак Саакашвилинин тарапкерлери Жогорку Раданын алдына чатыр тигип, президент Порошенкого импичмент жарыялоону талап кылышкан.

XS
SM
MD
LG