Синоптиктердин маалымдашынча, 20-ноябрда Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундуна 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8, күндүз 5…10;
Таласта түнкүсүн -6…-11, күндүз 5…10 градус жылыйт.
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…-6 градус суук, күндүз 7…12 градус жылуу болот.
Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…5;
Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -2…3 градуска чейин жылыйт.
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын табы түнкүсүн -6...-8 суук, күндүз 7...9 градус жылуу болот.