Буга байланыштуу Кыргызстандын бардык аймактарында балдардын укуктарына арналган иш-чаралар өтөт. Мектептерде балдардын укуктары, зордук-зомбулукка каршы күрөшүү боюнча маалыматтар берилет.
БУУнун Башкы Ассамблеясынын резолюциясы боюнча 20-ноябрь Балдардын эл аралык күнү деп бекитилген. 1959-жылы 20-ноябрда “Балдар укуктарынын декларациясы”, 1989-жылы “Балдар укуктарынын конвенциясы” кабыл алынган. Бул күнү дүйнө жүзү боюнча балдар өздөрүнүн укуктары тууралуу маалымат алып, зордук-зомбулукка жана адилетсиздикке каршы иш-чараларды уюштурулат.
ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча, дүйнөдө учурда 385 миллион бала жакырчылыкта жашайт. 264 миллион бала мектепте окубайт. Беш жашка чейинки 5,6 млн. бала былтыр оорудан каза тапкан.(ZKo)