Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:55

Бул жумада Сооронбай Жээнбеков кызматына киришет


Сооронбай Жээнбеков, 3-ноябрь, 2017-жыл.
Сооронбай Жээнбеков, 3-ноябрь, 2017-жыл.

24-ноябрда жаңы шайланган президенттин инаугурациясы өтөт. Сооронбай Жээнбековдун мамлекет башчылык кызматка расмий киришүүсүнө арналган салтанат Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында болот. Салтанатка чет өлкөлөрдөн жогорку кызматтагы расмий коноктор чакырылбай турганы кабарланган.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтүп, мурунку премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 54 пайыздан ашуун добуш менен жеңип чыккан.

Кыргызстанда президент алты жылга шайланат. Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын президенти болуп 2011-жылы келген. Ушуну менен экинчи ирет өлкөдө мамлекет башчысы ордун кийинки шайланган президентке тынч жол менен бошотуп берүүдө.

2010-жылы референдум аркылуу шайланып келген өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева 2011-жылы 1-декабрда Алмазбек Атамбаевге мамлекет башчылык кызматты өткөрүп берген.

Кыргызстандын алгачкы президенти Аскар Акаев он беш жылдык башкаруусунан кийин, элдин нааразылыгынан улам 2005-жылы өлкөдөн үй-бүлөсүн алып, качып кеткен. Андан кийин мамлекет башына келген Курманбек Бакиев да 2010-жылы апрелде үй-бүлөсү менен өлкөдөн качууга аргасыз болгон. Учурда Аскар Акаев Орусияда, Курманбек Бакиев Беларуста баш калкалап жүрөт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG