Оштогу Бабур атындагы өзбек драма театрынын жамааты Лондондогу "The Courtyard Theatre" сахнасында 19-ноябрь күнү Шекспирдин "Ричард-III" трагедиялык чыгармасын тартуулады.
Бул чыгармачыл сапар Кыргызстан менен Британиянын дипломатиялык алакаларынын 25 жылдыгына жана Шекспирдин 450 жылдык юбилейине арналгандыгын аталган театрдын жетекчиси Набижан Мамажанов "Азаттык" радиосуна билдирген.
Спектакль төрт тилде - кыргыз, өзбек, орус жана англис тилдеринде коюлду. Ролдорду "Бабурдун" артисттери аткарышты. Режиссеру - бир канча жылдан бери Британияда жашап, иштеп жүргөн, теги кыргызстандык Йулдаш Журабаев.
Бул гастролдук сапар демөөрчүлөрдүн колдоосу менен ишке ашты. (ZKo)