Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:48

Атамбаев: Парламент өз мөөнөтү бүткүчө иштеши керек


Албазбек Атамбаев.
Албазбек Атамбаев.

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев азыркы Жогорку Кеңешти таратып, кезексиз шайлоо өткөрүүгө каршы. Бул тууралуу президент ушу тапта "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан басма сөз жыйынында "Азаттыктын" суроосуна жооп берип жатып айтты.

- Мен парламентти сындайм. Алты жылда өлкөдөгү өнүгүү үчүн көтөрүлгөн демилгелерди токтотуп жатышат. Мисалы, темир жолду салуу боюнча насыя алууга Жамалдинов сыяктуу депутаттар каршы чыкты. Ал жакта айрым алысты көрө албагандар отурат. Үч ун өндүрүүчү депутат отурат, алар өз кызыкчылыгын коргоп жатышат. Мен парламент өз мөөнөтүнө чейин иштеши керек деп ойлойм. Бирок башка өлкөлөр сыяктуу төрт жылга шайлаш керек. Беш жыл көп экен, - деди Атамбаев.

Бүгүнкү басма сөз жыйыны Атамбаевдин президенттик ишмердүүлүгүн жыйынтыктоого арналууда.

Алмазбек Атамбаев алты жылдык президенттик кызматка 2011-жылдын 1-декабрында киришкен. Быйыл 15-октябрдагы шайлоону жеңген Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы 24-ноябрда өтөт. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG