Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:27

Атамбаев: Бабановдун Он-Адырдагы сөзүн өзүңөр көрдүңөр, эми сот чечсин


Өмүрбек Бабанов менен Алмазбек Атамбаев.
Өмүрбек Бабанов менен Алмазбек Атамбаев.

Президент Алмазбек Атамбаев Өмүрбек Бабанов "коңшу мамлекетке барып чөгөлөбөсө" шайлоону утмак деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн Бишкекте президенттик кызматын жыйынтыктоочу басма сөз жыйынында журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

- Бабановдун Он-Адырдагы сөзүн көрдүңөр, аны мен сүйлөткөн жокмун. Кыргыздарга барганда ак калпагын кийип, Манас жөнүндө сүйлөйт. Башка жакка барганда кандай сүйлөрүн көрдүм. "Бабановчуларды" көрдүм, 300ү Таласта чыгып алып "Манасты" окуганга каршы болушту. Эми сот чечсин. Мен Бабановду аячумун, келечеги жакшы жигит болот деп ойлогом. Бирок өз элине каршы чыкпаш керек болчу. Коңшу президентке барып чөгөлөбөй, казак олигархтарына барбай түз кетсе утмак. Кудай өзү урду.

Быйылкы президенттик жарышта бийлик талапкери менен негизги атаандаш болгон "Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Ага Башкы прокуратура үгүт учурунда Оштун Он-Адыр конушунда сүйлөгөн сөзү үчүн 4-ноябрда "конституциялык түзүлүштү күч менен алмаштырууга чакырык таштоо жана улут аралык кастыкты козутуу” деген беренелердин негизинде кылмыш иш козгогон.

13-ноябрда Бабанов Жогорку Кеңештеги "Республика - Ата Журт" фракциясынын лидери кызматынан кеткендиги жарыяланган. Буга түшүндүрмө берген НТС телеканалындагы кайрылууда Бабанов ушу тапта чет мамлекетте ден соолугун чыңдап жатканын айткан, бирок кайсы өлкөдө экенин тактаган эмес. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG