Линктер

жекшемби, 17-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 00:26

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновго байланыштуу сот ишин Жогорку Сотто соттук коллегия карап жатат. Бул тууралуу процесске катышып жаткан кабарчыбыз Улан Эгизбаев билдирди. Анын айтымында, Текебаев менен Чотонов өздөрү сотко жеткирилген жок. Аларды алып келүү боюнча жактоочулардын өтүнүчүн сот четке какты.

Текебаев менен Чотоновдун үстүнөн чыккан райондук, шаардык соттун буга чейинки чечимдерине нааразы болуп, алардын адвокаттары Жогорку Сотко көзөмөл арыз менен кайрылышкан. Көзөмөл арызды айыптоочу тарап да жазган.

Текебаев жана мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов "орусиялык жарандан бир миллион доллар пара алган" деген айып менен быйыл февраль айында камакка алынган. 16-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту алардын ар бирин сегиз жылдан күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен жана үй-мүлкүн мамлекетке чегерүүгө чечим чыгарган. Кийин Бишкек шаардык соту бул өкүмдү күчүндө калтырган. Кылмыш ишин Башкы прокуратура козгоп, Улуттук коопсуздук комитети тергеген. Соттолгондор муну өз оппозициялык ишмердүүлүгү үчүн саясий куугунтук катары баалап келишет.

Октябрдын ортосунда Текебаев Бишкектеги №47 түзөтүү колониясына, Дүйшөнкул Чотонов Молдовановка айылындагы №27 абакка которулган. (ErN)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG