21-ноябрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метр.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -2...-7, күндүз 8...13;
Таласта түнкүсүн -6...-11, күндүз 1...6;
Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 0...-5, күндүз 10...15;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -4...-9, күндүз 3...8;
Нарында түнкүсүн -9...-14, күндүз 1...6;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -25...-30, күндүз -5...-10;
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -5 …-7°, күндүзгү жогорку температурасы 8…10°.