Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:45

АКШдагы атактуу кылмышкер көз жумду


Чарльз Мэнсон.
Чарльз Мэнсон.

Өткөн кылымда мыкаачылыгы менен атагы чыккан кылмышкерлердин бири Чарльз Мэнсон 19-ноябрда Калифорнияда көз жумду.

Жергиликтүү бийлик 83 жаштагы Мэнсон түрмөнүн ооруканасында өз ажалынан өлгөнүн кабарлады. Өткөн аптада ал ооруканага жаткырылган.

1960-жылдары Мэнсон баштаган, негизинен аялдардан куралган "Үй-бүлө" аттуу кыймыл бир нече адамды АКШда жырткычтык менен өлтүргөн. Курмандыктардын арасында режиссер Роман Поланскинин аялы, тогуз айлык боюнда бар Шэрон Тейт да болгон. Айыптоочулардын белгилегени боюнча ал расалык согушту тутантууга аракет кылган.

Мэнсон өзү кылмыштарды түздөн-түз жасабаса да, буйрук берип турганы үчүн 1971-жылы өлүм жазасына тартылган. Кийин Калифорнияда бул жаза жокко чыгарылганына байланыштуу өмүр бою эркинен ажыратылган.

XS
SM
MD
LG