Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:34

АКШ конгрессмендери Өзбекстанга келет


АКШ Конгресси жайгашкан Капитолий имараты.
АКШ Конгресси жайгашкан Капитолий имараты.

21-ноябрда Өкүлдөр палатасынын мүчөсү Трент Келли башында турган АКШ Конгрессинин делегациясы Ташкентке барышы күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтында кабарланат.

"Делегациянын курамында Республикалык жана Демократиялык партиялардын өкүлдөрү болот" деп жазылат анда.

Парламент аралык кызматташтыктын алкагында конгрессмендер Өзбекстандын парламенти жана өкмөт мүчөлөрү менен жолугушуп, бир катар объектилерге барышат.

Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев сентябрда АКШда болуп, жалпы жонунан 2,6 млрд. долларлык келишимдерге кол койгон. Анда мунайгаз, машина куруу, электротехника жана авиация тармактарында америкалык компаниялар менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери каралган.

Андан тышкары, Ташкентте Вебстер университетинин өкүлчүлүгүн ачуу тууралуу келишимге кол коюлган. Ал ачылса, Вебстердин КМШдагы алгачкы толук баалуу өкүлчүлүгү болуп калат.

XS
SM
MD
LG