Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:14

Жыл башынан бери 127 бала сексуалдык ыдык көрдү


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

-127 баланын 95 пайызына баланын өзүнүн туугандары сексуалдык ыдык көрсөтүшкөн. Бул көйгөйдү жалаң милиция менен мугалимдер эле чече албайт экенбиз. Анткени балага жакындары сексуалдык зомбулук кылганын аныктоо кыйынга турат экен. Бул жерде бизге коомчулуктун жардамы керек, - деди Орозалиев.

Министрдин орун басары 2017-жылдын 10 айында 630 балага издөө жарыяланганын, анын 587 фактысы боюнча иш токтогонун билдирди. "Бирок жоголуп кеткен 43 бала дагы деле изделип жатат" деди ал. (ErN)

XS
SM
MD
LG