Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:44

Атамбаев: Негизсиз камалгандар болсо жооп берем, эч жакка кетпейм


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Президент Алмазбек Атамбаев эгерде камакка алынган саясатчылар күнөөсү жок куугунтукталып жатса, бул үчүн жоопкерчиликти өзүнө алууга даяр.

Ал бүгүн Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында журналисттин “Исаев менен Бабановдон сырткары башка саясатчылардын камакка алынышына кандай пикирдесиз? Айрым байкоочулар белгилеп жаткандай, бул демократияга шек келтирүүбү же коррупцияга каршы күрөштүн жемишиби?” деген суроосуна жооп берип жатып:

- Ар бир соттогу ишке катышсаңар болот. Кээ бирлеринде мамлекеттик сыр бар, аларга силерди киргизбейт. Бирок баары бир соттун чечими чыкканда көрөсүңөр. Жөн эле камалган адам болсо сот, ошол ишти козгогон прокуратура, УКМК, керек болсо президент Атамбаев - биз жоопкерчиликке дайыма даярбыз. Эгерде “мурдагыдай кылганыңды кыла бер" деп койсок Кыргызстан жок болмок алты жылда. Тизгиндеп жатып ордуна тургуздук Кыргызстанды. Таратылып жаткан акчага керек болсо курал-жарак сатып алып 15-октябрда баштайбыз деп жатса, биз орден беришибиз керекпи, Исаевге жа Бабановго? Эгерде мен кандайдыр бир туура эмес нерсе кылсам, эч жакка кетпейм. Мен Акаев, Бакиев же Бабанов эмесмин, бул жакта болом, - деп жооп берди.

Бүгүнкү басма сөз жыйыны Атамбаевдин алты жылдык президенттик мөөнөтүн жыйынтыктоого арналды. Ага 120дан ашуун журналист, эксперт катышты.

Соңку жылдары "бийликти басып алууга аракет кылуу", "коррупция" беренелеринин негизинде Кыргызстанда 20 чакты саясатчы сот жообуна тартылууда. Алар мындай айыпты саясий куугунтук деп атап келе жатышат. (RK)

XS
SM
MD
LG