Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:44

Германиянын президенти өкмөттү кураш үчүн сүйлөшүүнү улантууга чакырды


Франк-Вальтер Штайнмайер.
Франк-Вальтер Штайнмайер.

Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер парламентке өткөн партиялардын баарын сүйлөшүүнү улантууга чакырды. Ал шайлоо өткөнүнө эки ай болгонуна карабастан өкмөттү кураш үчүн коалиция түзүү жыйынтык бербегенине өкүнүп жатканын билдирди. Бул жагдайды ал "Германия Федеративдик Республикасынын 70 жылдык тарыхында болгон эмес" деп белгиледи.

“Германия парламентине өткөн бардык саясий партиялар коомдук кызыкчылыкты көздөөгө милдеттүү. Алар өлкөгө кызмат кылышат. Мен алардын баарынан күтүп жатканым – жакын арада мамлекеттик түзүлүш куралышы үчүн сүйлөшүүлөргө даяр болуу”, деди президент кайрылуусунда.

Андан мурдараак Штайнмайер канцлер Ангела Меркел менен жолугушкан. Ал жолугушууда Бундестагга кайра шайлоо өткөрүү боюнча демилге көтөрүлүшү да болжолдонгон. Анткени жекшембиде үч партиянын бир айдан бери жаңы өкмөт коалициясын түзүү аракетинен натыйжа чыкпай, сүйлөшүү токтоп калган болчу.

XS
SM
MD
LG