Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:42

Трамп Түндүк Кореяны терроризмди колдогон өлкөлөргө кошту


Президент Трамп КЭДРди терроризмди колдогон өлкөлөрдүн катарына кошуу жөнүндө чечимин жарыялоодо.
Президент Трамп КЭДРди терроризмди колдогон өлкөлөрдүн катарына кошуу жөнүндө чечимин жарыялоодо.

АКШнын президенти Дональд Трамптын бул чечимин эксперттер символикалуу деп аташууда. Анткени Кошмо Штаттар Пхеньянга каршы катаал санкцияларды киргизген.

- Түндүк Кореянын башкаруу режими өзүн мыйзамдуу алып жүрүүгө тийиш. Ал мыйзамсыз өзөктүк жана ракета программаларын токтотушу керек. Ал эл аралык терроризмди колдоону токтотууга тийиш, - деди президент Трамп чечимин жарыялап жатып.

Корея лидеринин Малайзиядагы бир тууганынын өлтүрүлүшүн, кореялык түрмөдө 17 ай кармалып, каза тапкан америкалык студент Отто Уормбиердин окуясын ал Пхеньяндын мыйзамсыз аракеттери катары мисал келтирди.

Түндүк Корея терроризмди колдогон өлкөлөрдүн тизмесинен 2008-жылы президент Жорж Буш тарабынан чыгарылган. Буга Түндүк Корея өзөктүк мекемелерине эл аралык инспекторлорду киргизүүгө макул болгону себеп болгон. Бирок Пхеньян убадасын аткарган жок. Муну белгилеген Дональд Трамп Жорж Буштун чечимине "ишенип алып адашкан" деп баа берди.

Акыркы айларда АКШнын демилгеси менен БУУ Түндүк Кореянын дүйнө менен соода алакасын үзүү жаатында кошумча санкцияларды киргизди.

Мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон президент Трамптын чечими Түндүк Корея маселеси канчалык олуттуу экенин башка өлкөлөргө да жеткирүү ишараты деп билдирди.

Терроризмди колдогон өлкөлөрдүн катарында Түндүк Кореядан тышкары Иран, Сирия жана Судан бар.

XS
SM
MD
LG