Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:22

Жогорку Сотто Текебаев менен Чотоновдун соту уланат


Өмүрбек Текебаевдин соту, 2017-жыл, 5-июнь.
Өмүрбек Текебаевдин соту, 2017-жыл, 5-июнь.

Жогорку Соттун соттук коллегиясы "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча алардын адвокаттарынын жана мамлекеттик айыптоонун көзөмөл арыздарын карап жатат.

Сот жараяны 20-ноябрда айыпталуучуларды катыштырбастан башталган. Мамлекеттик айыптоо Текебаев менен Чотоновго жаза берүүдө колдонулган мунапысты алып салууну соттон суранып, өтө оор кылмыштарга мунапыс колдонулбай турганын эскертти.

Текебаев жана мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов "орусиялык жарандан бир миллион доллар пара алган" деген айып менен быйыл февраль айында камакка алынган. 16-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту алардын ар бирин сегиз жылдан күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен жана үй-мүлкүн мамлекетке чегерүүгө чечим чыгарган. Кийин Бишкек шаардык соту бул өкүмдү күчүндө калтырган.

Соттолгондор өздөрүнүн күнөөсүз экенин, бул өкүм оппозициялык ишмердүүлүгү үчүн саясий куугунтук экенин айтып келишет.

Октябрдын ортосунда Текебаев Бишкектеги №47 түзөтүү колониясына, Дүйшөнкул Чотонов Молдовановка айылындагы №27 абакка которулган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG