Орусиянын Гидрометеорология жана айлана-чөйрөгө көз салуу боюнча федералдык кызматы 2017-жылдын сентябрына карата өлкө аймагындагы радиациялык абал тууралуу маалыматтарды жарыялады.
Анда сентябрда Челябинск облусунун «Маяк» өндүрүштүк бирикмеси жайгашкан жүз чакырымдык аймактан алынган үлгүлөрдө радиоактивдүү рутений-106 затынын (Ru-106) болгону ачык айтылган.
Орусияда сентябрда абага Ru-106 заты тарагандыгы тууралуу буга чейин Германия менен Франциянын окумуштуулары билдиришкен. Алар окуя болгон аймак катары болжол менен Казакстан менен чектешкен Түштүк Урал жана Челябинск облустарын аташкан. Бирок орус бийлиги сентябрда өлкөдөгү радиоактивдүү объектилерде авариялар болгонун жана абага радиациялык заттар жайылганын танып чыккан. «Росатом» радиация булагы алардын ишканасы экендигин белгилеген корутундуну «ишенимсиз» деп атаган.
Росгидрометтин кызматкерлери Новогорный, Худайбердинск жана Метлино айылдарынын үстүнөн алынган үлгүлөрдө рутенийдин деңгээли жогору экендигин аныкташкан. Рутений аныкталган бардык станциялар пайдаланылган өзөктүк отунду кайра иштетүү менен алектенген «Маяк» комбинатынан алыс эмес жерде жайгашкан.
Рутений-106 негизинен медицинада колдонулат. Германия менен Франциянын окумуштууларынын маалыматы боюнча, Европанын үстүндөгү атмосферада радиациялык заттардын максималдуу топтолушу октябрдын башында катталган. Бирок учурда адамдардын саламаттыгына эч кандай коркунуч жок.
"Коммерсант" басылмасы Челябинск облусунун вице-губернатору Олег Климовго шилтеме кылып, күзүндө бул аймакта рутенийдын абадагы жогорку деңгээли байкалганын жана жергиликтүү бийлик атом энергиясы боюнча «Росатом» мамлекеттик коорпорациясы менен «Маяк» өндүрүштүк бирикмесинин адистеринин катышуусунда бул темада кеңешме өткөргөнүн билдирди. Бирок ачык булактарда ал кеңешменин жыйынтыктары тууралуу маалыматтар жок.