Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:06

Чотоновдун адвокаты: Айыптоо тергөөдө да, сотто да далилденген жок


Сот залында Наталья Никитенко, Айгүл Текебаева, Данияр Нарынбаев ж.б.
Сот залында Наталья Никитенко, Айгүл Текебаева, Данияр Нарынбаев ж.б.

“Текебаев менен Чотоновдун сотундагы айыптоочу күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү тергөөдө да, сотто да далилденген жок”, - деп билдирди бүгүн Жогорку Сотто сүйлөп жатып мурдагы ӨКМ башчысы Дүйшөнкул Чотоновдун адвокаты Марат Эшперов:

- Абдрахманов өз көрсөтмөлөрүндө 1 миллион доллар жөнүндөгү маалыматты так айта албастыгын, Жогорку Кеңештеги ушактардан улам айтып жатканын көрсөткөн. Соттук териштирүүнүн жүрүшүндө айыптоо тарабынан Абдрахмановдун көрсөтмөлөрүн тастыктаган башка далилдер келтирилген жок. Көрүнүп тургандай, күбө Базаркуловдун жана Абдрахмановдун көрсөтмөлөрү жоромолго, божомолго, имиш сөздөргө негиздилген жана тергөөдө, сотто далилденген жок.

“Мегаком” уюк байланыш компаниясы үчүн орус жаранынан 1 миллион доллар пара алган деген айып менен Чотонов жана “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев быйыл жазында кармалып, ар бири сегиз жылга кесилген. Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун мындай өкүмүн шаардык сот күчүндө калтырган.

20-ноябрдан бери иш Жогорку Сотто адвокаттардын көзөмөл арызынын негизинде карала баштады.

Соттолгон саясатчылар өкүмдү оппозициялык ишмердүүлүгү үчүн бийликтин куугунтугу деп атап келе жатышат. Ишти козгогон Башкы прокуратура мындай дооматты четке каккан.

Өмүрбек Абдрахманов мурда “Ата Мекен” партиясынан ЖК депутаты болгон. 28-июнда сотто көрсөтмө берип жатып ал Текебаевдин иш бөлмөсүндө чоочун кишилерди көргөнүн, бирок ал жерде 1 миллион доллар тууралуу укпаганын айтып, жолугушуу качан болгонун так эстей албай койгон.

Азат Базаркулов - “Мегаком” компаниясынын жетекчиси. (TSh)

XS
SM
MD
LG