Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:56

Ошто мугалимдер менен окуучулар кырсыктардан сактанууну үйрөнүштү


Окуудан өтүп жаткандар, Ош.
Окуудан өтүп жаткандар, Ош.

Ош облусунун Араван жана Кара-Суу райондорундагы орто мектептердин окуучулары, мугалимдери жана коллеждин студенттери үчүн өзгөчө кырдаалдар жөнүндө жалпы түшүнүк берилип, өзгөчө кырдаал учурундагы жүрүм-турум эрежелери жөнүндө окуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Билдирүүдө айтылгандай, адистер Араван районундагы Х.Абдуллаев атындагы мектепте, “Дул-Дул-Тоо” коллежинде, “Билим-Ордо” окуу борборунда, Кара-Суу районунун З.Төрөбеков, А.Султанов, Н. Примбердиев, Т.Мусаев атындагы орто мектептеринде, Төлөйкөн айылындагы Н.Сайдиев атындагы орто мектепте сабак өтүштү. Мугалимдер, окуучулар жана студенттер табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарда аракеттенүү, имараттын ичинен эвакуациялануу, жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүү жана өрт коопсуздугун камсыз кылуу эрежелерин үйрөнүштү.

Соңку бир аптада жалпысынан төрт миңден ашуун адам окуудан өттү. Ош облусунда табигый кырсыктар көп болот. (ErN)

XS
SM
MD
LG